Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Нарындын бийлиги шайлоого даярданууда


НАРЫН. 15-март күнү губернатордун биринчи орунбасары Жыргалбек Азылов маалымат жыйын өткөрүп, анда алдыдагы жазга карата көрүлүп жаткан иш чаралар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, облуста 1200 тонна күйүүчү, майлоочу май, 3 миң тонна үрөндү жана 5 миң тонна жер семирткичти камсыздоо жагы өкмөттөн суралууда. Мындан соң облустук жетекчилер менен жыйынды улантып, алдыдагы № 33 шайлоого элди толук катыштыруу, бирок элдин баардык талапкерлерге каршы добуш берүүлөрүн болтурбоо үчүн жетекчилерди туулуп өскөн айылдарына жөнөтүү тапшырмасы берилди. Ал эми губернатордун дагы бир орун басары Айнагүл Чалабаева медицина кызматкерлерин жыйнап, анда да шайлоого жапырт катышуу менен өз добуштарын талапкерлерге гана берүү өтүнүчү айтылгандыгын өз пикирин айтуудан чочулашкан дарыгерлер билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG