Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Байкоочулар шайлоо кемчиликтер менен өткөнүн айтышууда


БИШКЕК. КМШ мамлекеттериндеги шайлоолорго байкоо жүргүзүүчү коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары 15-мартта маалымат жыйынын өткөрүп, №1 Университет жана №25 Караүңкүр шайлоо округдарындагы добуш берүүнүн жүрүшүндөгү оң жана терс жактар жөнүндө маалымат беришти. Алардын айтымында, шайлоонун оң жагы катары атуулдардын активдүүлүгүн атоого болот. Ал эми терс жак катары шайлоочулардын тизмесинин сапатсыздыгы, добуш берүүгө административдик кийлигишүү, байкоочуларды кээ бир участокторго киргизбөө, кошумча тизмеге шайлоочулардын өтө көп киргизилгендиги белгиленген. Шайлоо Кыргызстандын Шайлоо кодексин бузуулар менен өттү. Ал шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир этти, - деп жазылган КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоого байкоо салуучу коммерциялык уюмдун Казакстандан келген байкоочулары.

XS
SM
MD
LG