Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Токтогулда Бишкек-Ош жолу буулду


БИШКЕК. Токтогул районунда №21 Токтогул шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Токтосун Мадияровдун шайлоочулары 15-мартта Бишкек-Ош жолун бууп салышты. Маалыматка караганда, үч миңдей адам жолго чыгып, беш боз үй тигип, эки тарапка тең автоунааларды өткөрбөй жатат. Бул маалыматты Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тастыктады. Бирок кишилердин саны беш жүздүн тегерегинде, Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт жолдорун министрлик да түнкүсүн ачып, күндүз жабууда. Бул көчкү коркунучунан жүргүнчүлөрдү сактоо максатында жасалууда, деп кошумчалады Эокология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Эмил Акматов. БШКанын маалыматы боюнча, Мадияров 13-марттагы шайлоодо экинчи талапкер Тайырбек Сарпашевге утулуп калган.

XS
SM
MD
LG