Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Бишкектеги талапкерлер нааразылык митингдерди өткөрүүгө мажбур


БИШКЕК. 15-мартта №6 Асанбай, №11 Курулуш жана №21 Токтогул шайлоо округу боюнча талапкер болушкан Мелис Эшимканов, Кабай Карабеков жана Токтосун Мадияров «АКИпресс» агенттигинде маалымат жыйынынын өткөрүшүп, шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар, бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү жана добушту көз көрүнө сатып алуулар менен өттү деп билдиришти. Андан тышкары округда такыр жашабаган атуулдар башка райондордон ташылып келип, кайра–кайра добуш беришкендигин, үйлөрдүн комитет башчыларына 1000 сомдон, ар бир шайлоочуга 200 сомдон таратылгандыгын кабарлашып, үчөө тең шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко арызданышкандыгын билдиришти. Эгер сот акыйкаттыгына жетпесе өз жактоочуларынын нааразылык акцияларын уюштурууга мажбур болоорун билдирген Мелис Эшимканов Бишкектин Көкжар кичи районунда 3 миң адам митингге чыгууга даяр экендигин жарыя кылды. Депутат Кабай Карабеков шайлоодо катардагы атаандаш менен эмес «Алга, Кыргызстан» партиясы менен таймашкандыгын жана шайлоонун жыйынтыгын чыгарбай коё турууну БШКдан талап кылгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG