Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Элдик курултай президент А. Акаевдин кызматтан кетишин талап кылды


БИШКЕК. 15-мартта Жалалабатта элдик курултай болуп өттү. Аны Кыргызстан элдик биримдиги координациялык кеңешинин төрагасы Курманбек Бакиев ачты. Анын айтымында, курултайга Ысыккөл облусунан сырткары өлкөнүн бардык региондорунан 701 делегат, анын ичинде 370 шаардык, айылдык кеңештердин депутаттары катышты.

Курманбек Бакиев шайлоонун мыйзамсыз өткөндүгү үчүн президент Аскар Акаев күнөөлүү экендигин айтып, мамлекет башчысын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Курултай алдында Жалалабат облустук администрациясынын маңдайындагы президент Аскар Акаевдин портрети алынып салынды.

Курултайды уюштуруучулардын маалыматы боюнча, ага 17-18 миңдей адам катышты. Курултайдын катышуучулары өз талаптары аткарылганга чейин турууга ант беришти.

Президенттин маалымат кызматынан Жалалабаттагы окуяларга азырынча эч кандай комментарий бере албасын билдиришти.

XS
SM
MD
LG