Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Президент элге кайрылды


БИШКЕК. Бүгүн (15-мартта) кечкурун президент Аскар Акаев шайлоого байланыштуу улуттук сыналгы аркылуу элге кайрылды. Анда ал шайлоо кыргыз мыйзамдарына ылайык ачык, калыс жана демократиялуу өттү деп билдирип, добуш берүүгө көз салган эл аралык байкоочулар менен эл аралык уюмдарга ыраазылык билдирди. Президент кыргыз бийлиги шайлоонун мыйзам чегинде өтүүсү үчүн болгон аракеттерди көрүп, таймашта татыктуу талапкерлер жеңди деген бүтүмгө келгендигин жарыя кылды. Ошондой эле шайлоодон кийин өлкөнүн ар тарабында пайда болгон нааразылык аракеттери кечээ эле бийликти жактап жүрүп, бүгүн бет кабын алмаштырып, демократ болуп чыккан айрым саясатчылардын жетеги менен болуп жатат деп билдирип, элди алардын көкүтүүсүнө кирбей сабырдуу болууга чакырды. Президенттин айтымында, өлкөдөгү саясий башаламандык бир ууч саясатчыларга гана керек. Ошон үчүн канчалаган нааразылык митинггдер болбосун элдин тандоосуна эми башка баа берилбейт деген мамлекет башчы бардык башаламандыктар иликтенип, укуктук баа берилээрин, тийешелүү кишилер жазаланаарын билдирди.

Кыргыз оппозициясынын өкүлдөрү президент А.Акаевдин өздөрүнө карата сынын четке кагып, аны же коомдогу кырдаал менен кабардар эмес, же болбосо ачык эле акыбалды бурмалап сыпаттап жатат деп айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG