Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Ливандан сириялык аскерлерди чыгаруу маселеси талкууга алынууда


Бүгүн Египеттин президенти Хосни Мубарак Дамаскта Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад менен Ливандагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Башкы көңүл Ливандан сириялык аскерлерди чыгарып кетүүгө бурулду. Шейшембиде сириялык атайын кызматтардын өкүлдөрү Ливандын баш калаасы Бейруттан кете башташкан. Бул сириялык аскерлерди ал жерден чыгаруу аракетинин алкагында жүрдү. Ошол эле күнү 3 миңге чукул студент Ливанда АКШнын жана Израилдин элчиликтеринин имараттары жанында Сирияны жактаган демонстрация өткөрдү. Ал эми дүйшөмбү күнү Бейрутта 800 миңге жакын адамдын катышуусунда демонстрация өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG