Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Косоводо президентке кол салуу болду


Косовонун баш калаасы Приштинада президент Ибрагим Ругованын машинеси кетип бараткан жерде катуу жардыруу болду. Биздин ал жердеги кабарчыбыз маалымдагандай, бир адам жарадар болгон. Президент өзү аман калды.

- Президент катарында мен бул окуяны айыптайм. Бул карасанатай аракетке барган адамдар бул өңдүү кылык-жоруктарын токтотушу керек жана кармалып, жазаланышы керек. Биз Косово атуулдарынын өмүрүнө коркунуч келтирчү мындай окуяларга жол бербейбиз, - деди президент Ибрагим Ругова.

Жардырууга карабай Ругова Европа Союзунун ырасмий өкүлү Хавьер Солана менен жолугушуу өткөрдү. Алар Косовонун өкмөт башчысы Рамуш Харадинайдын отставкасынан кийин жаңы өкмөттү куруу маселесин талкуулашты. Харадинай болсо Гаагадагы эларалык трибуналга колго түшүп берген.

XS
SM
MD
LG