Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:04

Багдатта жардыруулар күчөдү


Бүгүн Багдатта бир канча жолу жардыруулар болду. Алардын бири Багдаттагы полиция башкармалыгынын жанында, ал эми экинчиси эларалык аэропорттко бараткан жолдо болду. Мында жардыргыч затка толгон машинелер жарылып кеткен. Полициянын имараты жанындагы жардыруудан бир жаш бала набыт болуп, полициянын бир кызматкери жана ирактык үч тургун жаракат алды.
Ал эми аэропортко жакын жерде болгон жардыруудан төрт ирактык мерт кетти, дагы жети адам жарадар болду. Ага чейин эртең менен Багдаттын түндүк-чыгышындагы сунни мусулмандары көп топтолуучу жерде дагы бир машине жарылып, кеминде төрт адамды жарадар кылганы айтылган эле. Бул жардыруулар Иракта жаңы шайланган парламент алгачкы жыйынына чогуларга бир күн калганда болду.

Бүгүн Ирактагы шийилер менен күрттөр өлкөдө биргелешкен өкмөттү куруу үчүн талкууну улантышаары айтылган эле. Өкмөттү курууга алардын укугу бар, анткени 30-январда парламентке өткөн шайлоодо парламенттеги көпчүлүк орунду дал ушул шийилер көптүк кылган Ирактын бириккен альянсы жана Күрт партияларынын бирикмеси жеңип алышкан. Алар азыр парламенттеги жалпы орундардын үчтөн экисин ээлеп турушат. Акыркы алты аптадан бери өкмөттү куруу боюнча талкуулар жыйынтыксыз өтүп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG