Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

«ПАРИЖ КЛУБУ ЖАШАСЫН!», ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫГЫ, ЖАЛАЛАБАТ ТОЛКУНУ


Париж клубу Кыргызстандын 124 миллион доллар тыш карызын кечти. Бул окуяга арналган өкмөттүн салтанаттуу жыйыны өттү. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы кыргыз гезиттеринде аркыл өңүттөн комментарийленди.

«Париж клубунун 10-мартта өткөн кеңеши республикабыздын тышкы карыздарынын чоң бөлүгүн – 600 миллион доллардык сумманы же бүткүл карыздардын 60% кечүү жөнүндө ааламга дүң болгон чечимин кабыл алды» деп жазды шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити.

Бирок, буга кубана турган негиз жок, деп белгилейт ошол эле күнкү «МСН» гезитинде экономикалык баяндамачы Вячеслав Тимирбаев «Ишке ашпай калган үмүттөр» деген макаласында. «Ким алган карызын убагында кайтара албаса айла жок кечери жалпыга дайын го», деп жазат макала автору.

Белгилей кетүүчү жагдай, Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызынын 600 миллион долларынын 60% эмес, 124 миллионун кечип, калган карыз акчаны кайтарып берүүнү кийинки жылдарга жылдырган.

«Арадан мезгил өтөөр, мына ошондо биз Париж клубунун Кыргызстаныбызга омоктуу жардам көрсөткөн азыркы чечимин тарых барагына сыймык менен жазаарбыз…», дейт «Кыргыз туусу» гезитинде М.Тентимишев.

«Бизде чет элдик каражаттарды элге пайдасыз шаан-шөкөтчүл долбоорлорго же заңгыраган хан сарайларга жумшоого жол берилген жок. Аны менен алыс, жакындагыларга өзүбүздү абдан бүйрө чарбакер катары көрсөтө алдык. Париж клубунда мына ушул жагдай дагы өзгөчө эске алынды», деп жазат «Кыргыз туусу» гезитинин экинчи бир автору П.Дүйшөнбаев.

«Париж клубу кедей өлкөлөрдүн тышкы карыздарын автоматтык түрдө эле кечип жиберет деп ойлоо терең жаңылыштык болуп саналат. Андай укукка татыктуулар гана ээ болушат», дейт президент А.Акаев элге кайрылуусунда.

«Оппозиция референдум каалап калганбы?» деп суроо коет шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити. «Оппозициянын президент А.Акаевди ушуну менен төртүнчү ирет кызматтан кетирүү боюнча бирикмеси, координация кеңеши президенттин ыйгарым мөөнөтүн ырастоо үчүн дагы бир жолу референдум өткөрүүгө түртүшү мүмкүн», дейт А.Акаевдин пресс-катчысы А.Сегизбаев. Мындан үч жыл илгери да ушундай эле кысталыш кырдаалга капталган президент референдум өткөрүүгө мажбур болгон, деп белгилейт «Слово Кыргызстана» гезити.

Мурдагы өкмөт башчы Т.Чыңгышевдин «чөнтөк парламент келди», «азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүүгө чама-чаркы жок, себеби коррупция менен колу тазалар гана күрөшө алат» деген пикири туура эместигин шейшембидеги «Эркинтоо» гезитинде Ж.Осмонкулов жазып чыкты.

Талас шаарындагы 4 кабат имараттын бооруна илинген президент А.Акаевдин чоң сүрөтүнүн алдында «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот. А.Акаев» деген жазууга шейшембидеги «Аалам» гезити момундай түшүндүрмө берди: «Раззаков дейин десем өң-түсү башкача. Башка дейин десем сөзү Раззаковдуку. Тобо-о, эми сөздү да менчиктештире башташканбы?»

Жалалабатта нааразылыкка чыккандар маалынан эрте президент шайлоо өткөрүп, андан соң парламенттик шайлоо өткөрүү талабын коюшууда, деп кабарлайт Замир Өсөров. 15-марттагы курултай алдында Жалалбатка өкмөт башчынын биринчи орунбасары К.Жумалиев келип президент А.Акаев облус губернатору менен район акимдерин кызматтан алуу, ордуна эл каалаган кишилерди дайындоо убадасын бергенин айткан. Пикетке чыккандар А.Акаевдин өзү менен көзмө-көз сүйлөшүп талаптарын айтыша тургандыгын билдиришкен. Эгер президент эл талабына көнбөсө жалалабаттыктар жергиликтүү бийлик жетекчилерин өздөрү шайлап, облус телекөрсөтүүсүн коомдук телекөрсөтүүгө айландырып, күч органдарынын ишин көзөмөлгө алышмакчы. Жалалабаттыктардын демилгеси башка жерлерде колдоо таап кетсе анан өлкө гана утушка ээ болот, деп жазат Замир Өсөров.
XS
SM
MD
LG