Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

ПРЕЗИДЕНТ ЭЛГЕ КАЙРЫЛДЫ. АГА ПИКИРЛЕР АР КЫЛ


15-март күнү кечинде Кыргызстандын президенти Аскар Акаев шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу улуттук телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылды. Анда шайлоо мыйзам чегинде тынч, калыс жана ачык өткөндүгүн, эл элегинен татыктуу талапкерлер тандалганын билдирди. Мамлекет башчынын мындай сөзүнө айрым адамдар жана саясатчылар макул эмес.

Президент Аскар Акаев элге кайрылуусунда шайлоонун ачык жана калыс өтүшү үчүн бийлик болгон аракетин жумшады жана эларалык бир катар уюмдар шайлоочулардын укуктук аң-сезими менен саясий жоопкерчилигин жогорулатууга катуу аракеттенди деп билдирди. Президенттин айтымында, анын аркасында добуш берүү ачык өттү:

- Бул шайлоо ачык–айкын, демократиялык күрөштүн жана бийик уюшкандыктын алкагында өткөндүгүн толук көрсөттү деп айтсам мен эч жаңылышпайм. Бул - Кыргызстанда демократия терең тамыр жайып, турмушубуздан кенен орун алгандыгынын даана далили .

Президент жеңилген айрым талапкерлердин жактоочуларынын жол тосуп, мамлекеттик мекемелерди ээлеп алышын мыйзамсыз деп баалады. Мындай иш-чараларды уюштурууга ашынган бир ууч саясатчылар гана кызыкдар деди президент:

- Кыргызстанда айрым ашкере саясатчылардан башка эч кимге төңкөрүштүн дагы, башаламандыктын да кереги жок.

Аскар Акаев азыр Кыргызстандын ар кайсы жерлеринде болуп жаткан нааразылык иш-чараларын уюштуруучулар иликтенип, укуктук баа берилээрин да эскертти:

- Массалык башаламандыктарды уюштургандар айрым аймактардагы кырдаалды курчуткандыгы үчүн сөзсүз жооп беришет.

Кыргызстандагы айрым саясий күчтөрдүн өкүлдөрү президенттин мындай баасына макул эмес. Алар Аскар Акевдин мындай билдирүүсүн мамлекет башчы өлкөдөгү чыныгы кырдаалды билбей калган экен деп баалашты. «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасы Курманбек Бакиевдин пикири:

- Президент маалыматтан алыс окшойт. Ал кишинин тегерегинде жүргөндөр так маалыматты айтпай, балким, атайын жасап жатышабы - билбейм… Мына азыр Талас облустук администрациясын тороп алгандар, ошондой эле, Токтогулда, Ошто, Алайда президенттин «Таза шайлоо» деген талабы аткарылбай, сөз бойдон эле калгандыктан эл көчөгө чыгып жатат. Муну эмне, президент билбей атабы же көрбөй жатабы? Президентке так маалымат бериш үчүн президенттик администрациясынын башчысы ошондой жыйындарга катышып койсо болот эле. Президенттин түштүк региону боюнча Кубанычбек Жумалиев деле эмне үчүн катышпайт? Ал келип угуп, болгонун айтып койбойбу!

«Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаеванын баамында, президент саясий башаламандыкты бир ууч саясатчы жасап деп айыптоодон мурун, алар эмне себептен чыгып жаткандыгын такташы зарыл. Анткени азыр тарапкерлери көтөрүлүп жаткан атуулдардын көбү бийликке мурун каяша айткан эмес:

- Өкмөткө такай иштеп жүргөн адамдар, маселен, Равшан Жээнбеков, Токтосун Мадияров же Акылбек Жапаров өмүрү өкмөттүн сөзүнөн чыкпай жүрүшчү. Мына азыр алардын адамдары өкмөт менен сотко каршы чыгып жатышат. Алардын жактоочуларын оппозиция чыгарып жатабы?

Ал эми айрым байкоочулардын баамында, элдин көтөрүлүшүнө кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланып, өз жек-жаатына тартып, мыйзам бузууга барган мамлекеттик кызматкерлердин өзүмчүлдүгү да түрткү болду. Чүй университетинин ректору Султан Мамбеткалиевдин пикири:

- Көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер сыртынан мыйзамды сактап жатабыз демиш болуп коюп, анан өзүлөрү каалаган кишилерине күйөрман болушту. Мына ошол элдин кыжырын келтирген бир жагдай болду.

Кыргыз публицисттеринин бири Сейит Жетимишов элдин нааразылыгынын чыгыш себебин оппозициядан эмес, жаңы парламенттин сапатынан издөө керектигин айтат:

- Биздин парламентке жалаң акчалуулар барып жатат. Кыргыздын жалпак тили менен айтканда соодагерлердин парламенти болгону турат. Эл мына ушул көрүнүшкө ички туюму менен каршы болуп атат. Эл парламентте соодагерлер отурса, алар биздин тагдырыбызды кантип чечет деп, ички каршылык сезими козголууда. Эгерде акчага жана башка жактарга карабай эл каалаган ишмер депутат болуп барса, бир да киши бир ууч эмес, миң ууч киши тукурса да тилин алмак эмес!

XS
SM
MD
LG