Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ АКШны ӨТӨ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде АКШ жетекчилиги Иранды катуу сынга алып, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан өзөктүк изилдөөлөрдүн токтотулушун талап кылууда. Анткен менен кээ бир эксперттер бул маселеде АКШнын өзүн сынга алып, Вашингтон кош стандарттуу саясат жүргүзүүдө деген пикир билдирүүдө.

Мындан отуз жыл мурда Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишим түзүлгөн жана ага дүйнөдөгү бир жүз токсондон ашык мамлекеттин дээрлик бардыгы кол койгон, анткен менен кээ бир өлкөлөр, мисал үчүн Израил, Индия, Пакистан ага эмгиче кошула элек. Мындан бир нече жыл мурда келишимден Түндүк Корея да чыгып кетти жана бул мамлекет мисалы келишимдин кемчиликтерин ачык көрсөттү.

Келишим боюнча, ал түзүлгөн мезгилде атом бомбасына ээ болгон мамлекеттерден башка өлкөлөр өзөктүк курал өндүрүүгө киришпеш керек, анткен менен өзөктүк кубат өндүрүү иштерин жүргүзүү мүмкүн, бирок андай изилдөөлөргө катуу эл аралык көзөмөл салынууга тийиш. Бирок тынчтык максатында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү келечекте курал өндүрүү багытына буруу мүмкүн жана аны жакында Пхеньян далилдеди. Өзүнүн өзөктүк программалары жетиштүү деңгээлге жеткенде, ал жөн гана келишимден чыгып кетти жана үстүбүздөгү жылы өзөктүк куралга ээ болгону тууралуу жарыялады.

Америкалык жетекчилик азыр - Иран дагы ошондой жолдо экендигине ишенет жана Тегерандын өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен жок кылууга аракеттенүүдө. Анткен менен Иран менен АКШ ортосунда дипломатиялык мамиле жок. Тегеран менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдү европалык мамлекеттер менен Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик жүргүзүүдө. Вашингтон дагы өз алдынча демилгелерди көтөрүүдө, мисал үчүн мамлекттик катчы Кондолиза Райс 11-мартта - эгер Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн токтотсо, анын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киришине АКШ тоскоолдук түзбөйт деп билдирди.

Тегеран болсо, албетте, анын өзөктүк изилдөөлөрү эч качан аскерий максатты көздөбөгөнү тууралуу айтат жана анын атом кубатына ээ болуу укугун дүйнөдө эч ким чектебеш керек деп, Вашингтонду кош стандарттуу саясат жүргүзүүдө деп күнөөлөйт. Мисал үчүн, Израил көп жылдардан бери өзөктүк куралга ээ жана ал маселе боюнча Вашингтон эч кандай маселе көтөрбөйт. 1998-жылы Индия менен Пакистан өздөрүнүн атом бомбаларын сынаганда дагы аларга каршы эч кандай катуу чара көрүлгөн жок, бирок ошондой эле аракет көргөн Иран дароо кысымга алынууда.

Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине кошумча киргизүү маселеси болсо өтө татаал жана өзөктүк курал боюнча мурдагы америкалык инспектор Жон Волфсталдын айтымында, андай сүйлөшүүдөн пайда да чыкпайт:

- Жалпысынан алганда, андай сүйлөшүү деги эле мүмкүн эмес. Келишимге бир жүз сексенден ашык мамлекет мүчө. Кандай болбосун кошумча киргизип же келишимдин сөздөрүн өзгөртүү үчүн бардык өлкөнүн жана алардын ар биринин макулдугу керек, аны ар бир парламент бекитүүгө тийиш.

Андай узак жараяндын аягына чыкканча, Иран өзөктүк курал өндүрүп алаарынан АКШ күмөн санабайт, ошондуктан америкалык жетекчилердин акыркы сөздөрүндө - келишимди башкача түшүнүү керек деген пикирлер айтыла баштады. 16-мартта чыккан "Нью-Йорк таймс" гезити болсо АКШ келишимди кеңири талкуу жүргүзбөстөн өзгөртүү үчүн дагы аракет көрүшү мүмкүн деп жазып чыкты.

Американын Вашингтон университетинин Өзөктүк изилдөөлөр институтунун деректири Питер Кузниктин айтымында болсо, АКШ өзү ал келишимди бузууда, анткени өзөктүк куралдын улам жаңы үлгүлөрүн чыгарып жатат, келишим боюнча андай аракеттерге тыюу салынган жана өзөктүк куралдын саны тескерисинче, кыскартылууга тийиш.

XS
SM
MD
LG