Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

АКШнын ЭЛЧИСИ КЫРГЫЗ БИЙЛИГИН ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг шайлоонун жыйынтыгы жана өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу 16-мартта маалымат жыйынын өткөрдү. Кошмо Штаттарынын өкүлү шайлоонун экинчи айлампасы эларалык уюмдар белгилешкендей олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун белгилеп, Кыргызстандын аткаруу бийлигин шайлоо өнөктүгү жана добуш берүү учурунда мыйзам бузуу фактылары боюнча иликтөө жүргүзүп, адилет чечим кабыл алууга үндөдү. Ошондой эле Стивен Янг өлкөдөгү саясий кырдаалдан чыгыш үчүн кыргыз бийлигин жана оппозиция өкүлдөрүн өз ара жолугуп, сүйлөшүүгө чакырды.

АКШнын элчиси адегенде парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча өз оюн айтып, андан соң өлкөдөгү кырдаалдан чыгуу тууралуу пикирин билдирди. Стивен Янгдын айтымында парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы ЕККУ баштаган эларалык уюмдар белгилешкендей, олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолду жана бул жолку шайлоону өткөрүүдө айрым бир жылыштар байкалды. Шайлоонун экичи турундагы кетирилген кемчиликтер катары Стивен Янг мындай мисалдарды келтирди:

- Ага мисал катары административдик жана юридикалык жол менен айрым көз-каранды эмес талапкерлердин шайлоодон чыгарылышын, ошондой эле көз каранды эмес массалык маалымат каражаттарына болгон кысымды, шайлоо өнөктүгүнүн өкмөттүк маалымат каражаттарда бир тараптуу чагылдырылышын, ошондой эле бийликтин өздөрү каалаган талапкерлерди өткөрүү максатында шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүсүн айтууга болот.

АКШнын элчиси кыргыз бийлигин шайлоо учурунда орун алган мыйзам бузуулар боюнча кечиктирбей териштирүүгө чакырды:

- Мен кыргыз өкмөтүн шайлоо өнөктүгү жана добуш берүү учурунда орун алган мыйзам бузууларды тактык менен дыкат иликтөөгө алууга чакырам. Ошондой эле кыргыз бийлиги кетирилген кемчиликтер боюнча кандайдыр бир жыйынтык чыгарып, президенттик шайлоо учурунда алардын кайталанбашына жол бербөөгө аракеттениши керек.

Ошондой эле Стивен Янг соңку мезгилдери Кыргызстанда болуп жаткан нааразылык иш чаралары тууралуу мындайча пикирин билдирди:

- Жалалабат, Өзгөн, Ош, Карасуу, Талас, Кочкор, Бөкөнбаев жана Нарындагы нааразылык иш чаралары тууралуу айта турган болсок, эң башкысы - бул жердеги нааразылык иш чаралардын катышуучулары тартипти катуу сакташып, аларга каршы күч колдонуууга алып келе турган кандайдыр бир кадамдарга барышкан жок.

АКШ элчиси өлкөдөгү соңку кырдаалды жөнгө салыш үчүн кыргыз бийлигин жана оппозиция өкүлдөрүн өз ара сүлөшүүгө чакырды:

- Кырдаалдан чыгуу үчүн эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрүшү керек.

15-мартта президент Аскар Акаев өлкөдөгү кырдаал боюнча элге кайрылып, нааразылык иш чарасын уюштургандар жазаланарын дагы бир жолу эскертти:

- Массалык баш аламандыктарды уюштургандар айрым аймактардагы кырдаалды курчуткандыгы үчүн сөзсүз жооп беришет.

Ал эми АКШ нын элчиси Стивен Янг бул маалымат жыйында мамлекет башчы Аскар Акаев тууралуу өзүнчө билдирүү жасады:

-Мен мамлекет башчы Аскар Акаев тууралуу кыскача билдирүү жасай кетейин. Президент Аскар Акаев буга чейин өзүнүн шайлоого катышпай тургандыгын айткан, биз анын мындай билдирүүсүн сыйлайбыз. Ошондой эле ал Конституцияга ылайык шайлоого катыша албайт, биз Башмыйзамдагы мындай эрежени сыйлайбыз. Ошондой эле, Аскар Акаев Конституцияны өзгөртпөйм деп убада берген. Ошондуктан биз анын мындай пикирин да сыйлайбыз. Анткени өлкөнүн Башмыйзамын абдан кылдаттык менен чанда гана өзгөртүү керек.

Андан аркы сөзүндө ал үстүбүздөгү жылы Кыргыстанда иштөө мөөнөтү аяктай тургандыгын маалымдады:

- 2003-жылы элчилик кызматка дайындалганда мен Кыргызстанда эки жылга гана иштей тургандыгым тууралуу макулдашылган. Анткени мен бул жакка өзүмдүн үч баламды жана жолдошумду алып келалбай калдым. Ошондуктан мени мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынды деген маалымат таптакыр туура эмес.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, бул күнкү маалымат жыйыны учурунда АКШнын мамлекеттик департаментинин Кыргызстандагы соңку кырдаал тууралуу билдирүүсү журналисттерге таркатылды. Ал билдирүүдө Кыргызстандагы парламентик шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен өткөндүгү белгиленген. Ошондой эле, АКШ өкмөтү кыргыз бийлигин мызам бузууларды териштирип, нааразылык акцияларына эч кандай тоскоолдук кылбоого чакырды.

XS
SM
MD
LG