Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

БОРБОР АЗИЯДА БЫЙЫЛ КАРЫШКЫР КҮЧ БОЛДУ


Борбор Азия чөлкөмүндө быйыл кыштын сууктугу Кыргызстан сыяктуу эле Өзбекстан менен Тажикстанда карышкырлардын айылдарга түшүп келип, мал-жанга гана эмес, атүгүл адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген учурлар кездешти. Карышкыр проблемасы жакынкы Орусия менен алыскы Францияда да бар. Аталган өлкөлөрдүн жолбун карышкырлар келтирүүчү зыянды алдын алуу жана ордун толтуруудагы аракеттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл тургундары үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автоном республикасынын аймагында соңку беш айдын ичинде, маалыматтарга караганда, жолбун карышкырлар кеминде 20 адамды жарадар кылган.

Каракалпакстандын Муйнак деген районунда алардын экөөсү өткөн айдын башында алган жаракатынан каза табышты. Тажикстандын чыгышындагы Бадахшан облусунда болсо карышкыр адам өмүрүнө залал келтирбегени менен Рошткала деген райондун тургуну Жаныбек Казибековдун айтымында, үй-жаныбаларына утур-утур кол салып, айыл тургундарын түн уйкудан бездирди:

- Түнкүсүн карышкырлар кыштакты ээлеп алып жатты. Алгач алар иттердин баарын жок кылышты. Андан кийин койлор менен уйларга кол сала башташты. Соңку эки айда карышкыр жеп кеткен кой менен уйдун саны 150дөй болду. Ылай дубалдарды казып, короолорго кирип, жеп кетип жатышты.

Тажикстанда да, Өзбекстанда да карышкырдын азабын тарткан кыштактардын тургундары жардам сурап, борбордук өкмөттөргө кайрылышкан.

Карышкырлардан кутулуунун бир жолу Орусиянын Оренбург облусунун бийликтери ушул айдын башында аларга каршы баштаган массалык аңчылык болушу мүмкүн. Март айында Оренбургдун талааларында карышкырлар коңшу Казакстандан ооп келгендердин эсебинен көбөйөт.

Бул жерде карышкырларды азайтуу кампаниясына эки жүздөй аңчы тартылган. Алар бир карышкырдын башы үчүн 1000 орус рублин же 36 доллар алат. Аңчылардын алдына коюлган максат - карышкырлар келтирген чыгымдын көбөйүп кетишине жол бербөө үчүн алардын санын 500дүн тегерегине түшүрүү. Оренбургда маселен төрт аяктуу жырткычтардын айынан мал чарбасына жүз миңдеген рубль зыян келтирилет деп эсептелет:

Бирок Тажикстандын "Жер үчүн" деп аталган экологиялык уюмунун координатору Тимур Идирисовдун айтымында, алардын карышкыр келтирген зыяндын ордун компенсациялоо системасын ишке киргизүүнү колдойт:

-Адам менен жаратылыш гармонияда жашай алат. Башкы маселе - өкмөттүн көңүлүн бул проблемага буруу. Эгер кээ бир жамааттар карышкырдын айынан уюн же коюн жоготсо алардын чыгымын калыбына келтирүү тартибин киргизсе болот. Бирок албетте мунун бир бөлүгүн өкмөт, экинчисин эларалык жана жаратылышты коргоочу бейөкмөт уюмдар жарнакташып төлөшү керек.

Гильберт Саймон - Францияда карышкырларды коргоо боюнча "Ferus" деп аталган өкмөттүк эмес уюмдун вице-президенти. Анын айтымында, Францияда карышкырлар өлтүргөн мал үчүн компенсациянын өлчөмү анын базар баасынан 150%га жогорку чекке чейин жетет.

Бирок мал баккандар арасында Францияда карышкырлардын өмүр сүрүшүнө карата каршылык өтө күчтүү жана алар ийге келиши арсар:

- Биз чабандар, селекционерлер, карышкырлардын жашоосун кабыл алуусу үчүн мүмкүн болгон ыкмалардын баарын колдонуп жатабыз. Бирок бул маселе жөнгө салынды дегенди билдирбейт. Менде эч канда иллюзия жок. Мал өндүрүүчүлөр карышкырлар такыр эле жок болгондо өзүн жакшыраак сезишет экен. Мен алар көз карашын кантип өзгөртөөрүн көрбөй турам.

Францияда карышкырлар 1940-жылдардын башында тукум курут болгон эле. Элүү жылдан соң Францияга алар коңшу Италиянын түштүк –чыгышындагы тоолордон кайтып келе баштады. Буга байланыштуу француз коомчулугунда, тынчыздануу чыкпаганы менен тоо этегиндеги үйлөрдүн ээлери жана мал баккандар келгиндерге каршы кампания жүргүзүүдө. Алардын ырастоосунда, төрт аяктуу жырткычтар 2003-жылы Альпы тоолорунан 3000дей үй-жаныбарын жок кылган.

Ал эми экологдор француз малчылары келгиндерди кабыл алыш керек, чарбасын болсо иттерди пайдалануу, дубалдарды куруу аркылуу коргошу абзел деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG