Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Жалалабатта митинг уланды


ЖАЛАЛАБАТ. Нааразылык акциясынын катышуучулары инвестициялар туура эмес иштетилип, өлкөдө жумушсуздук жана жакырчылык күчтүүлүгүнөн миңдеген жарандар Казакстан, Орусияда иштеп күн көрүүгө аргасыз болуп, кордук тартып жаткандыгы сындалды. Митингчилер кыргыз жеринин коңшу мамлекеттерге берилгени үчүн азыркы бийликке келишкис мамиле жасалаарын билдиришти. Окуу жайлар келишимдик негизде иштебегендиктен көптөгөн улан-кыздар билим ала албай, билимдүү жаштар тескерисинче адистигине жараша ишке орношо албаганы, бийлик менен казыналык мекемелерде коррупция күч алганы ортого салынды. Облбийлик имаратын курчап турган аскерлерге армияны баккан элге курал колдонбоого жана кол көтөрбөөгө чакырыктар болду. Президент Аскар Акаев кызматтан кетсин деген чакырыктар облбийлик маңдайында жана анын ичинде да жаңырып турду.

XS
SM
MD
LG