Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Абдыганы Эркебаев сотко берет, Марат Султанов БШК чечимин күтөт


БИШКЕК. Кыргызстан аймагында болуп жаткан нааразылык чараларын жактабай тургандыгын 16-мартта «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы, парламенттик шайлоодо №44 Алай шайлоо округу боюнча жеңүүчү катары таанылган Абдыганы Эркебаев билдирди. Ал Алай шайлоо округунда 4 шайлоо участогундагы добуштардын жокко чыгарылышы боюнча сотко кайрылаарын билдирди. Анын пикиринде, округдук шайлоо комиссиясы бул чечимди 16-мартта Марат Султановдун тарапкерлеринин кысымы астында кабыл алды. Ушул эле күнү Эркебаевдин атаандашы Марат Султанов өз атаандашына 11 шайлоо участогу боюнча дооматы барын билдирип, шайлоочулар өздөрүнүн укуктарын колдоп, нааразылык билдирип жатышканын маалымдады. Султановдун айтымында, анын 7 миң чамалаш шайлоочусу Борбордук шайлоо комиссиясынын Марат Султановду депутат катары таануу тууралуу чечимин күтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG