Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

БШК: Марат Султанов менен Адахан Мадумаров өздөрүн жеңүүчү деп жарыялаганы мыйзамсыз


БИШКЕК. №39 Куршаб, №44 Алай шайлоо округдарындагы жыйынтыктар жараксыз деп табылган шайлоо участокторунда эки жумадан кийин кайталап добуш берүү болот. Шайлоо кодексинин 46-беренесинин 4-пунктуна таянган Борбордук шайлоо комиссиясы 16-мартта ушундай билдирүү таратты. Маалымат каражаттарына таянган БШК бул эки округдагы лидерлердин өздөрүн жеңүүчү катары жарыялашы мыйзамсыз деп белгиледи. №39 Куршаб шайлоо округунда округдук шайлоо комиссиясына кысым жасалып, коркутуулар болуп жаткандыктан, комиссия жыйналып, чечим чыгара албай жатат. Округдук шайлоо комиссиясы белгиленген участоктордогу кайталап добуш берүүнү эске алган чечим чыгармайынча, Борбордук шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттоого ала албайт, деп айтылат билдирүүдө.

Угармандарга белгилеп койчу жагдай, 14-мартта Өзгөндө Адахам Мадумаровдун 15-20 миң чамалаш, Алайда Марат Султановдун 7 миң чамалаш тарапкерлери нааразылык акцияларын уюштурушкан. БШК өкүлүнүн катышуусунда өткөн округдук шайлоо комиссиясынын отуруму бул эки округда 3төн, 4төн участокторду жараксыз деп тапкан. Акыркы маалыматтар боюнча Алайда жана Өзгөндө эки талапкердин тарапкерлери нааразылык чараларын токтотуша элек.

XS
SM
MD
LG