Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

КУРУЛУШ ӨНӨР ЖАЙЫНДАГЫ ЖЕМСӨӨЛҮКТҮН СЕБЕПТЕРИ


Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияны изилдеген Transparency International уюму үстүбүздөгү жуманын шаршемби күнү соңку докладын жарыялады. Эларалык уюмдун бул доклады бүтүндөй курулуш өнөр жайындагы кырдаалга арналган. Анткени жылына 3 триллион доллар жумуш бүткөрүлгөн курулуш өнөр жайы дүйнөлүк экономикадагы өтө коррупцияланган тармак саналат. Жемсөөлүк жумуштун сапатына эле эмес, табиятка жана адам өмүрүнө да зыян алып келет.

Transparency International уюмунун аткаруучу директору Дэвид Насбаумдун “Азаттык” радиосуна берген интервьюда айтышынча, курулуш өнөр жайы экономиканын башка тармактарына караганда жемсөөлүк үчүн өтө оңтойлуу.

Ондогон ишкана-мекемелер жайгашкан көп кабаттуу кеңсе, килейген соода борборлору жана кан жолдордун курулушу жүз миллиондогон долларга турат. Андыктан курулушка заказ алуу үчүн берилген пара аны аткарган фирма үчүн чоң киреше, атак-даңк менен кайтат. Анын үстүнө долбоордун баасы бир кыйла кымбат экенин оңой-олтоң аныктоо да кыйын. Ошон үчүн, чоң компаниялар үлкөн долбоорлорго жетүү үчүн түрдүү амалга барышат. Д. Насбаумдун кеби:

-Мындай келишимдерге жетүү компаниялар үчүн абдан маанилүү. Ири долбоорлор тез-тез боло бербейт. Эгер озунбасаңыз келишимдер башка бирөөгө тийип, сиз куру каласыз. Андыктан ири контракка катышуу компаниялар үчүн өтө орчундуу маселе.

Көп миллион долларлык ири долбоорлордун курулушуна уруксат демейде өкмөттүк чиновниктер тарабынан берилет. Мунун өзү паракорчулукка ыңгайлуу шарт түзөт.

Адистердин айтымында, чоң суммадагы соопкерчилик иштери аткарылган жерлерде да жемсөөлүк тез тамыр жаят. Андыктан Transparency International быйыл Инди мухитиндеги топон суудан жабыркаган аймактарга берилип жаткан жардамдын сарамжалдуу пайдаланылганына көңүл буруу зарыл деп эсептейт.

Коррупцияны ооздуктоо максатында башкеңсеси Лондондондо жайгашкан Transparency International уюиу жаңы демилге баштаган. Ага ылайык, чоң компаниялар ири долбоорго жетүү үчүн мыйзамсыз жолдорго барбайбыз деп макулдашат. Дэвид Насбаумдун түшүндүрүшүнчө:

-Долбоорго кызыкдар бардык тараптар “пара колдонулбайт” деп убада беришет. Бул убаданын жалпы келишимден айырмасы, аны аткарбаган адамдар келечекте келишимдерден четтетилет.

Ага бир мисал. Берлинде курулуп жаткан жаңы аэропортту курулушу башталаардан мурда ага катышууга ынтызар компаниялар “ортого акча салып, үлүшкө жетүүнүн амалын жасабайбыз” дешип шерттешип алышкан.

Transparency International өткөргөн изилдөөгө караганда, жемсөөлүккө каршы күрөшүү үчүн тийиштүү мыйзам кабыл алуу жетишсиз. Дүйнөдөгү коррупция аябай жайылган өлкө катары айтылып жүргөн Азербайжанда январь айында жемсөөлүккө каршы күрөшүү боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирди. Бирок, эл арасында өкмөт паракорлукту тыя аларына ишенич аз. Эмне үчүн? Мыйзамды турмушка ашыруу үчүн кандай шарт керек?
Дэвид Насбаумдун айтымында:

-Тийиштүү мыйзамдар зарыл. Бирок, жемсөөлүктү тыйуу үчүн алар жетишсиз. Мыйзамды жүзөгө ашырчу бийлик институттары жана бул мекемелер бийликтерден көз карандысыз болушу абзел.

XS
SM
MD
LG