Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Кучма журналисттин өлүмүнө тиешеси жок экенин кайталады


КИЕВ. Украинанын экс-президенти Леонид Кучма өлкөнүн проокуратурасына берген сурагында өзүнүн мурдагы жансакчысы жаздырып алган үн тасманы, өлкөдө төңкөрүш жасоо үчүн жасалган жасалма тасма деп сыпаттады. Бул жөнүндө Кучма Россиянын "Время Новостей" гезитине берген интервьюсунда баяндады. Кучма ошондой эле журналист Георгий Гонгадзенин өлүмүнө тиешеси жок экенин кайталап, муну дилилдөө үчүн Чехияда эс алып аткан жеринен өз ыктыяры менен кайтып келгенин айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG