Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Ирактын жаңы парлменти ант берди


БАГДАД. Ирактын жаңы парламенти ант берди. Өлкөнүн убактылуу президенти Гази Ал-Явер депутаттардын алдын сүйлөгөн сөзүндө:

- Ирактыктардын жана сиздердин алдыңыздарга чоң милдеттер турат. Бринчиден: жарандардын укуктарын, демократиялык эркиндиктерди кепилдеген Конституциясыны иштеп чыгуу милдети. Экинчиден: баш мыйзам суверендүү Ирактын баардык жарандарынын тең укуктуулугун кепилдөөсү керек /i>,- деди президент.

Өлкөнүн парламентинин жыйыны Багдадда, катаң аскердик кароолго алынган "Жашыл Зонада" өттү. Кабар агенттиктери ал аймакта бүгүн жардыруулар угулуп жатканын билдиришти. Ал эми Бакуба шаарынан алыс эмес жерде миналанган машина жарылып, андан улуттук гвардиянын эки аскери курман болду.

XS
SM
MD
LG