Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Иракта коалиция бекем


Айрым өлкөлөр өз аскерлерин чыгарып кетүүнү чечти, бирок бул коалициянын таркай баштаганын билдирбейт, деп айтты АКШ президенти Жорж Буш. Кечээ Италиянын өкмөт башчысы Силвио Берлускони жакын аралыкта Ирактан аскерлерин чыгара баштай турганын жарыялаган эле. Буштун айтымында, Италиянын премьер-министри бул маселе союздаштар менен макулдашылып жасаларына, Рим өкмөтүнүн саясаты өзгөрбөй тургандыгына ишендирди. Вашингтондогу пресс-конференцияда президент Буш коалициянын иш-аракети Иракта оң натыйжаларга алып келгенин белгиледи. Иракта улуттук парламент ишин баштаганын куттуктап, Буш жөөт-палестин сүйлөшүүлөрү кайра жанданганын жана Ливандан сириялык аскерлер чыгарылганы жатканын Жакынкы Чыгыштагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн белгиси деп атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG