Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

КЫТАЙДЫН “ҮГҮТ ДЕПАРТАМЕНТИ” ӨКМӨТ-БАШЧЫНЫН АЙТКАНДАРЫН ДА БУРМАЛАП КОЁТ


Төрөкул Дооров, Прага Кытай жалпысынан чексиз бийликти колдоруна алган бир катар эркектердин башкаруусундагы мамлекетке окшоштой көрүнөт. Анткен менен көп учурда өкмөт башчынын сөзү деле күчкө ээ эмес экендигин байкоо кыйын эмес. Дүйшөмбү күнү Кытайдын премьер-министри Вен Жибао Элдик улуттук конгресстин жыйынтыгын чыгарган таризде жергиликтүү жана эларалык журналисттерди чакырып, маалымат жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өлкөдөгү өкмөттүк деп эсептелген негизги басылмалар өкмөт башчы айткан сөздөрдүн негизинде эмес, баары бирдей эле маанайда кабар таркатышты. Дегинкиси, өкмөт башчы анда кандай проблемаларга токтолгон эле? Анан эмне үчүн анын сөздөрү бурмаланды? Бул тууралуу New York Times басылмасы макала жазды.

Негизи бул маалымат жыйыны Кытайда мыйзам чыгаруу бийлиги журналисттер менен өткөрө турган жалгыз жолугушуу деп атаса болчудай. Ал жылына бир гана жолу өтөт.

Бул жолу өкмөт башчы Вен Жибаонун сөздөрү такыр башкача өңүттө мамлекеттик басылмаларда орун алганын көпчүлүк байкоочулар ал өзү эле өзүнүн сөздөрүн тазалады же жогору тараптан түшкөн буйруктун негизинде алып салды деп баалашты.

Мисалы, маалымат жыйыны тууралуу ырасмий кабардан Вен мырзанын гонконгтук жетекчи Танг Чи-хуа тууралуу айткан сөздөрү алынып салыныптыр. Чи-хуа өзүнүн экинчи мөөнөтү аякташына эки жыл калганда - өткөн жумада кызматтан четтетилген эле.

Өкмөт башчы маалымат жыйынында “Тарых Тангдын салымына акыйкат өкүм чыгарат” деп билдирди. Бул өңүттөгү сөз адатта катачылык кетирип, кызматтан четтетилген саясатчылардын мындан аркы мүмкүнчүлүгүн жокко дээрлик чыгарган учурларда гана колдонулат.

Ал эми Кытайдын бөлүнбөстүк мыйзамы тууралуу сөзүндө өкмөт башчы Элдик улуттук конгрессте сөз болгон Тайван маселесине токтолду жана америкалык кийлигишүү өлкөнүн биримдүүлүгү тууралуу мыйзамга каршы келээрин айтты.

Дүйшөмбүдө Кытайдын парламенти сепаратизмге каршы мыйзамды жактырып, эгер Тайван Кытайдан такыр бөлүнүү аракетин көрсө, аралга каршы аскерий күч колдонулушу мүмкүн экендигин ырастаган. Бирок Вен Жибао муну башкача өңүттө тааный тургандыгын айтты.

- Бул мыйзам эч убакта Тайвандын элине каршы багытталбайт. Ал Тайванда көз карандысыздыкка умтулган күчтөргө каршы багытталат. Бул аскерий аракет эмес, өлкөнүн биримдигин тынчтык жолу менен сактап калуу далалаты, - деди Кытайдын премьер-министри Вен Жибао.

15-мартта Европа биримдиги менен АКШ ортосунда Кытайга курал-жарак сатууга жол бербөөнү эми токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр аяктады. Еврошаркет президент Бушту Кытайга курал сатууга тыюу салууну токтотууга көндүрө албады. Буш буга чейинки эле оюнда калды.

Элдик конгрессте Кытай Тайванды колдон чыгарбоо үчүн баардык чараларга, керек болсо күчкө салууга да даяр экендигин билдирген эле. Анткен менен бейжиндик серепчилердин оюнда, премьер-министр Вен Жибао ал жыйында өзү деле буга каршы болгондой, араң эле олтурганы байкалды.

Өкмөт башчы жетектеген Кытай өкмөтүнүн басма сөз кызматы шейшембиде бул маселе тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Негизи мамлекеттеги ырасмий кабарлар, алардын ичинде ырасмий адамдардын айткандары көп учурда алардын өздөрү айткан сөздөргө шайкеш келбей калышы деле ажеп эмес. Бул өңдүү “маалымат жасоо ишинде” Кытайдын үгүттөө департаментинин ролу өзгөчө. Ал баардык эле бийликтеги адамдардын сөздөрүн өзгөртүп берип койо бериши мүмкүн. Ошол эле учурда “кайра иштелген маалымат” анын ээси менен биргеликте сүйлөшүүлөрдөн кийин жазылабы-жокпу – белгисиз.

Мисалы, Вен Жибао өлкөнүн ички жана тышкы саясатына жооп берет жана Саясий бюродогу негизги үч саясий жетекчинин бири. Ага карабай, анын да айткандары саясий нуктун талаптарынын негизинде бурмаланышы ыктымал.

Кытайдагы Бейжин университетинин профессору Жиао Гуобиаонун айтымында, “кээде Үгүт департаменти өлкөдөгү айрым ырасмий жетекчилерден да жогору бийликте тургандай сезилип кетет”. Бирок Вен Жибаонун акыркы маалымат жыйыны түз эфирде улуттук сыналгыдан чагылдырылып турду. Андыктан бул учурда алгач окуяны сыналгыдан көргөн атуулдар кийин өкмөттүк гезитти окушса да “оңдолгон маалыматтын” күчүн анча сезишпейт. Бул - адаттан сырт көрүнүш.

Мурдараак Мао өңдүү кытайлык лидерлер өздөрүнүн төңкөрүштүк маанайы жана көп сандаган калкты дүрбөлөңгө салчудай сөздөрүн ачык айтып келишкен. Бирок азыркы өкмөт башчы Вендин айткандары оңдолуп, түзөлүтүлүшүн бир катар байкоочулар бүгүнкү Кытай жетекчилиги ар бир кадамын өз элитасы менен макулдашуу аркылуу гана жасайт деп баалашты.
XS
SM
MD
LG