Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:10

ЖОРЖ БУШ ИРАКТАГЫ КОАЛИЦИЯ ЫДЫРАГАН ЖОК ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


АКШнын президенти Жорж Буш кээ бир өлкөлөр Ирактагы аскерлерин алып кетүү жөнүндө чечим кабыл алганына карабай бул жердеги аскерий коалиция ыдыраган жок деп эсептейт. Ал бул тууралуу шаршембиде Ак үйдө күтүүсүздөн өткөрүлгөн пресс- конференцияда айтты. АКШнын президентине ошондой эле башка бир катар суроолорго жооп берүүгө туура келди.

Ирактагы 3 миңдей жоокерин чыгарып кетүү чечимине келгенин ушул шейшембиде Италия жарыяланган эле. Андан мурда ушундай эле кадамга барарын Украина да ишара кылган. Ошентип Ирактагы аскерлерин чыгарып кеткен же чыгаруучу өлкөлөрдүн саны 14гө жетти. Анткен менен аскерий коалицияны баштаган АКШнын президенти Жорж Буш ал ыдыраган жок деп ырастоодо. Ак үйдө шаршембиде болгон пресс-конференцияда ал Иракта коалициянын аракеттери оң натыйжаларды бергенине токтолуп, аскерлерин алып кетүү чечимине келген Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони телефон сүйлөшүүсүндө алар тез эле чыгарылбасына ишендиргенин маалымдады:

- Премьер- министр Ирактагы италиялык аскерлердин маселесин көтөрүп, биринчиден, мен саясатта эч кандай өзгөрүү болбой турганын билишимди кааларын айтты. Аскерлерди чыгаруу өнөктөштөр менен акылдашуу жана ирактыктардын өзүн өзү коргоо жөндөмдүүлүгүнө жараша ишке ашырылат.

Ал ошондой эле Ирактын жаңы парламенти ишке киришкенин кубаттап, муну өлкө үчүн "жаркыраган учур" деп атады.

Жорж Буш ошондой эле пресс-конференцияда тышкы саясаттын маселелеринен Ливанга, Иранга токтолду. Сирия Ливандан толук чыгып кетсе, Жакынкы Чыгыштын бул өлкөсүндө чыныгы демократия орноруна ишеним билдирди:

- Биз Ливанда демократия бекемделишин каалайбыз. Сирия өзүнүн аскерлерин гана эмес, жашыруун кызматтарын да алып кеткен шартта бул өлкөдө чыныгы демократия болоруна ишенебиз.

Ал эми Иран боюнча кабарчылардын бири АКШнын президентинен эгер Вашингтон менен Евробиримдик Тегаранга аны өзөктүк куралдан баш тартыруу үчүн шыктандыруу максатында берген сунуштарына оң жооп болбой калса, алар кандай кадамга барарын сурады.

АКШ менен Евробиримдик Иран өзөктүк курал программасын токтотуусу үчүн экономикалык сунуштар менен чыгууда. Иран АКШ менен Евробиримдиктин сунуштарынын бирин жакында эле четке каккан болчу. Президент Жорж Буштун айтымында, АКШ менен Евробиримдик БУУнун Коопсуздук кеңешинен Иранга каршы санкция киргизүүнү суранууга мажбур болгонго чейин али убакыт бар:

-Эгер Иран сунуштарыбызды кабыл албаса, маселени БУУнун Коопсуздук кеңешине берээрибиз анык. Мен Иран мындайга барбайт деп ишенем. Мен алар өзөктүк куралдан арылбаганын дүйнө билип турганын түшүнөт деп үмүттөнөм.

Жорж Бушка берилген суроолордун дагы бири анын администрациясынын согушчан топтор менен алакасы бар деген шек менен кармалган чет элдиктерди өз өлкөлөрүнө өткөрүү берүү планына байланыштуу болду. Адам укугун коргоочулар арасында алар өз мекендерине өткөрүлүп берилгенден кийин кыйноого алынбайбы деген кооптонуу бар. Муну менен АКШ ошондой укук бузууларга кыйыр түрдө аралашкан болуп калмак. Кабарчылардын бири маселен өз суроосунда кыйноо практикаланчу өлкө катары Өзбекстанды мисалга тарткан.

Бирок президент Жорж Буш Ак үйдөгү пресс-конференцияда ырастагандай, АКШ ошол шектүү адамдар өткөрүлүп берилүүчү өлкөлөрдөн алар кыйноого алынбашына кепилдик берүүнү талап кылууда:

-Биз өз мекенине өткөрүлүп берилгенден кийин эч ким кыйноого алынбай турганын кепилдөөнү көздөп жатабыз.

Айрымдар болсо президент Буштун өзүнүн администрациясын согушчан топтор менен байланышта деген шек менен камалгандардан керектүү маалыматтарды алуу максатында, тергөө учурунда алар кыйноого алынган фактыларга көз жуумп койгону үчүн буга чейин эле айыптап келишкен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG