Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

БШК округдук шайлоо комиссиясына макул эмес


БИШКЕК. № 39 Куршаб шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышкан талапкер Адахан Мадумаровдун жактоочулары 17-март күнү кечинде Өзгөн райондук администрация имаратын кайрадан ээлеп алышты. Адахан Мадумаровдун ишенимдүү адамы Кубаныч Жумаевдин айтымында, нааразылык акциясынын катышуучулары аталган райондун акиминин орун басары Султанов Бердикулду барымтага алышты. Алар Куршаб шайлоо округунун 14-марттагы чечимин кайра калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Эскерте кетүүчү нерсе, 14-мартта Өзгөндө Адахан Мадумаровдун колдоп жыйырма миңдей адам көчөгө чыккан. Куршаб шайлоо комиссиясы Адахан Мадумаров жеңүүчү деп табылгандыгы тууралуу токтомун окуп берип, топтошкон элди үйлөрүнө таркаткан. Ал эми кийинки күнү Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузулду делинген шайлоо участокторунда кайрадан шайлоо өткөрүлө тургандыгын жарыялаган. Ал эми Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясынын мындай аракетин карпайым элди көз көрүнө алдоо деп баалады.

XS
SM
MD
LG