Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Токтогул районунун акимиаты эл колуна өттү


БИШКЕК. № 20 Токтогул шайлоо округунан ат салышкан талапкер Токтосун Мадияровдун жактоочулары 17-мартта аталган райондун акимчилигинин имаратын ээлеп алышты. Мадияровдун ишенимдүү өкүлү Ороз Доксариевдин маалыматына караганда, нааразылык акциясынын катышуучулары райондун акими Бекбоев Турдуназарды, район прокурору Шейшеналиев Шаамидинди жана саламаттыкты сакттоо министринин биринчи орун басары Гүлжигит Алиевди барымтагы алышты. Нааразылык акциясынын катышуучулары шайлоонун экинчи айлампасы олуттуу мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн айтышып, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда. Шайлоонун экинчи турунда аталган шайлоо округунан Токтосун Мадияров менен Тайырбек Сарпашов ат салышкан.

XS
SM
MD
LG