Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Саясий күчтөр митингге чыгышат


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясы 18-марттан тарта Бишкектин Рыскулов атындагы көчөсүндөгү Горькийдин эстелигинин жанында күн сайын үзгүлтүксүз митинг, демонстрацияларды өткөрө баштайт. Мындай билдирүүнү 17-мартта партиянын баш кеңсеси таратты. Партия төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин билдирүүсү боюнча, митинг, демонстрациялардагы башкы ураан «Бардык бийлик элге» деп аталат. Анын максаты Конституция жана башка мыйзамдарды бийлик өкүлдөрү өздөрү аткарбагандан кийин бийлик элге өтсүн деген талапты коюп, аны ишке ашыруу. Партия андан тышкары бийликти элге өткөрүү үчүн президент Аскар Акаев кызматтан кетсин деген талапты коет.

XS
SM
MD
LG