Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Сириялык күчтөрдү Ливандан чыгаруунун биринчи айлампасы соңуна чыкты


Бул жөнүндө Ливан армиясынын атын атабаган жетекчилеринин бири маалымдады. Анын Батыш маалымат булактарына айтканына караганда, бардык сириялык аскерлер жана чалгындоо агенттигинин кызматкерлери Ливандын чыгышындагы Бекаа өрөөнүнө же Сирияга өткөн аптада толук чыгарылып кеткен. Мурдараак 4 миңдей аскер Ливандан чыгарылганы кабарланган. Сириялык аскерлер Ливанга 1975-90-жылдардагы ич ара согуштун алгачкы жылы киргизилген. Жакынга чейин Ливанда сириялык 14 миң аскер бар болчу. Эларалык коомчулук сириялык аскерлерди чыгарып кетүү талабын февралда Ливандын мурдакы премьер-министри Рафик Харири киши колдуу болуп өлгөндөн кийин күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG