Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

АКШ 1989-жылы жаңылыштык кетирген


АКШнын 1989-жылы Ооганстанды калтырып кетүүсү жаңылыштык болгон. Мындай билдирүүнү Кабулда ырасмий сапарда жүргөн АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс жасады:

–Ооганстан алдында биздин узак жылдык милдеттенмебиз бар. Кыска мөөнөттүк милдеттеменинин кымбат баасын өлкөнү Советтер союзу таштап кеткенден кийин аңдадык. Биздин четке чыга бергенибиздин себеби жакшы түшүнүктүүдүр. Канткенде да, ал мезгилди кошпогондо, 11-сентябрь Ооган жана Америка элинин орток кайгысы экенин мен мурдараак президент Карзайга айттым.

Райс айым жана Хамид Карзай Кабулда чогуу өткөргөн пресс-конференцияда Ооганстанда узактан бери күтүлүп жаткан парламенттик шайлоо сентябрда өткөрүлөөрү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG