Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

ИРАК СОГУШУ УЧУРУНДА КУРМАН БОЛГОН КАРАПАЙЫМ АДАМДАРДЫН САНЫ ТАК БЕЛГИСИЗ


Нарын АЙЫП, Прага Ирак согушу башталганына эки жыл болду, бирок анын айынан карапайым эл арасында өлгөндөрдүн саны так белгисиз. Америкалык жетекчилик андай өлүмдөрдү санабастан, жоопкерчиликти Ирак өкмөтүнө жүктөгөндүктөн, жыйырмага жакын медицина эксперти жакында АКШ менен Британия өкмөттөрүнө кайрылуу менен чыкты.

"Лансет" деп аталган британиялык медициналык журнал былтыр жарыялаган маалыматка караганда, Ирактагы согуштун айынан карапайым эл арасында 98 миң адам курман болгон. Бул малыматты АКШнын дагы, Улуу Британиянын дагы жетекчилиги жокко чыгарды. Бирок алар өздөрү так маалымат бере албайт, анткени Ирактагы аскерий эмес адамдардын өлүмдөрүн санабайт. АКШ Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Элен Кренкенин айтымында, андай маалымат үчүн Ирактын өкмөтү жооптуу.

Ирактын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2004-жылдын алты айында ооруканаларга жеткирилип өлгөн карапайым адамдардын саны 3853 болгон жана дагы 15 жарым миң адам жараат алган. Бирок башка мезгил үчүн жана ооруканаларга жетпей өлгөн адамдар тууралуу маалымат жок.

Ирактагы өлүмдөрдү саноо үчүн атайын интернет-сайт да ачылган, анын негиздөөчүлөрүнүн бири Жон Слободанын айтымында, 2003-жылдын март айында согуш башталгандан бери 16 миңден 18 жарым миңге чейин адам өлгөнү тууралуу так маалымат табылды. Бирок бул сайт кайсы бир адамдын курман болгону тууралуу эки башка булактан далил табылса гана аны так маалымат деп эсептейт.

Ошондуктан жыйырмага жакын эл аралык медициналык эксперт "Британиянын медициналык журналынын" акыркы санында АКШ менен Британия жетекчилигине кайрылуу жарыялады. Эксперттердин пикиринде, согуш учурунда канча карапайым адам өлгөнү тууралуу коомчулук билүүгө тийиш жана ал үчүн атайын көз карандысыз комиссия түзүү керек.

Кайрылууга кол койгондордун бири, профессор Фил Макферсондун айтымында, андай маалымат өтө маанилүү:

- Жалпысынан алганда, азыркы мезгилде бул согуш өтө ийгиликтүү жүрүп жатканы тууралуу коомдук пикир түзүлдү. Анткени зомбу диктатор кулатылып, анын ордуна эл тарабынан шайланган демократиялык жетекчилик келди. Анын баары чындап эле туура болушу мүмкүн, бирок андай максатка биз канча адамдын өмүрү менен төлөгөнүбүздү билген жакшы, бул согуш бизге канчага турганын түшүнүү абзел.

Ирактын Саламаттык сактоо министрлиги же башка өкмөттүк түзүлүштөр жарыялаган маалыматтар толук эмес жана, профессор Макферсондун пикиринде, алар азайтылып айтылып жатышы да мүмкүн:

- Алар тиги же бул чабуул учурунда курман болуп же жараат алып, ооруканаларга жеткирилген адамдарды гана санайт. Бирок көптөгөн өлгөн адамдар ооруканаларга алып барылбайт, аларды туугандары эч бир доктурлар менен байланышпастан эле көмүп салат. Андан тышкары, согуштун биринчи жылында өлгөндөрдү Ирак өкмөтү такыр санаган эмес.

Ошондуктан, кайрылуу менен чыккан эксперттердин айтымында, Иракка атайын комиссия жибериш керек жана алар эл арасында сурамжылоо өткөрүүгө тийиш. Антпегенде бул согуштун ийгиликтери тууралуу гана маалыматтар таратылып, анын Ирак элине алып келген зыяндары коомчулуктан жашырылууда.

XS
SM
MD
LG