Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Кытай Тайванга куралдуу коркунуч түзбөйт


Ошондуктан Евросоюз курал-жарак тыйылгысын тайсалдабай алып салса болот, деп айтты Брюсселде Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин. Бул санкциялардан Кытайды мүмкүн болушунча эртерээк сакыт кылганга Европа союзунун саясий акылгөйлүгү жана чечкиндүүлүгү жетиштүү экенине ишенич билдирип, кытайлык министр санкцияларды акылга сыйбаган жана ырасмий Пекинди саясий жактан ыдыктаган чечим болгон деп билдирди. Евросоюз бул үчүн өз тарабынан Кытайды Тайван менен мамилесин тааталдаштыргандан сактандырып, адам укуктарын сактоого чакырды. Европа комиссиянын мүчөсү Бенита Ферреро-Валднер ушундай шартта гана санкция маселеси чечилиши мүмкүн экенин эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG