Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

СИРИЯЛЫК АСКЕРЛЕР ЛИВАНДАН ЧЫГАРЫЛЫП КЕТҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын атайын өкүлү Терье Ред-Ларсен Ливиядан Нью-Йоркко кайтып келип, 17-мартта Аннан менен жолукту. Жолугушуудан кийин Ред-Ларсен журналисттерге берген маалыматка караганда, май айында өтө турган парламенттик шайлоого чейин өлкөдөгү сириялык аскерлер Ливандан толугу менен чыгарылып кетет деп ишенсе болот.

Сириялык аскерлер Ливанга 1976-жылы киргизилген жана өлкөдө көптөгөн жылга уланган ич-ара согушту токтотууга көмөктөшкөн. Анткен менен кийин Израил жана Батыш саясатчылары - өлкөдөгү аскерлерине таянып, Сирия Ливандын саясатын дагы көзөмөлдөй баштады деген күнөө койгон жана Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши былтыр сентябрда атайын резолюция кабыл алып, сириялык аскерлер Ливандан толук чыгарылып кетүүгө тийиш деп чечкен.

Февралда болсо Бейрут шаарында өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Харири өлтүрүлгөндөн кийин Ливандын өзүндө да антисириялык митинг-демонстрациялар өткөрүлө баштады, бирок Сирияны жактырган жыйындарга да көптөгөн адамдар катышууда. Кофи Аннандын атайын өкүлү Терье Ред-Ларсен болсо 12-мартта Жакынкы Чыгыштагы Алеппо шаарында Сирия менен Ливандын президенттери Башар Ассад жана Эмил Лахуд менен жолугуп сүйлөшкөндө, бардык аскерлерди Ливандан чыгарып кетүүгө Ассад макул болду.

Ал тууралуу Ред-Ларсен 17-мартта Нью-Йорктогу журналисттерге минтип билдирди:

- Мага убада берилди жана эми ал убада кантип аткарылаарын көрүш керек. Азыр аскерлер жана курал Бекаа өрөөнүнө көчүрүлүп жатат. Чалгындоо кызматтары дагы, анын ичинде алардын Бейрут шаарындагы баш кеңсеси дагы акыркы күндөрдө жабылып, көчүрүлө баштаганын көрүп жатабыз.

Ливанда буга чейин 15 миңге жакын сириялык аскер жана беш миңден ашык коопсуздук кызматкери жайгаштырылган. Маалымат агенттиктеринин кабарлаганына караганда, алардын үчтөн бири Сирияга чыгарылып кетти, үчтөн экиси болсо Бекаа өрөөнүнө топтолду. 7-апрелде ливан-сириялык атайын эки тараптуу комиссиянын кезектеги жыйыны болуп, иш-аракеттердин жүрүшүн жана болочок пландарды талкуулайт. Май айында өлкөдө парламенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш жана ага чейин бардык сириялык аскерлер өлкөдөн чыгарылат деп үмүттөнсө болот.

Андан тышкары Ливандан Нью-Йоркко - мурдагы премьер Хариринин өлтүрүлүшүн иликтеген атайын эл аралык комиссия дагы кайтып келди жана жакын арада алар дагы табылган маалыматтар менен Кофи Аннанды тааныштырат. Комиссияны ирландиялык адис Питер Фицжералд жетектеген. Хариринин машинеси 14-февралда Бейрут шаарында бомбага жарылган, аны менен кошо дагы 14 адам курман болгон. Аны толук иликтеп чыгып, күнөөлүүлөрдү табуу талабы менен бир айдан бери Ливанда дээрлик күнүгө өкмөткө каршы митинг-демонстрациялар өтүүдө, өкмөт кызматынан да чегинди, бирок президент мурдагы премьерди кайрадан өкмөт башчысы кылып дайындады.

Сентябрда кабыл алынган резолюцияда - Ливандын аймагында аракеттенген бардык мыйзамсыз куралдуу топтор жабылып, куралсыздандырылууга тийиш деп да айтылган. Андай уюмдардын негизгилеринин бири - "Хезболла". АКШнын жетекчилиги бул уюмду эл аралык террордук топтордун тизмесине кошкон, бирок акыркы мезгилде - эгер алар куралын таштап, мыйзам чегинде аракеттенсе, уюмду саясий күч катары тааныса болот деген пикирлер да айтыла баштады. Бирок "Хезболланын" тогуз мүчөсү - Ливан парламентине депутат. Бирок уюмдун жетекчиси шейх Хасан Насрулла 17-мартта атайын билдирүү жасап, Израилдин оккупациясы аяктамайынча "Хезболла" курал таштабайт деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG