Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Кочкордо нааразылык акциясы улантылды


НАРЫН. Кочкор районунун тогуз айыл өкмөтүнөн жана Жумгалдан келген эки жүзгө чукул адам пикетин улантышты. 18-мартта алар президентке, өкмөт башчысына, Жогорку сотко, Борбордук шайлоо комиссиясына жана мамлекеттик бийлик ээлерине үч талап коюлган кайрылуу кабыл алышты. Анда 14 миң 961 шайлоочунун добушу кайра калыбына келтирилсин, 27-февралдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын жана №34 Кочкор шайлоо округунун чечими күчүндө калсын, Кочкор районунун жана Бишкектин Биринчи май райондук сотторунун чечимдери айыпталсын деп жазылган. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын акыйкатчысына жана өлкөдөгү бардык элчиликтердин даректерине да кайрылуу жолдошту. Анда «эгер талаптарыбыз аткарылбаса 25-мартта саат ондо Акүйдүн алдына барып өзүбүздү өзүбүз өрттөйбүз. Ошол каршылык акциясына күбө болгула» деп жазылган. Райакимиаттын имаратын ээлеп алгандар, ким бизди күч колдонуп чыгарабыз дешсе, өзүбүздү жана аларды дагы кошо өрттөйбүз деп идиштерге бензин куюп кармап отурушат. Жумгалдын Кызарт айылынан өкүл болуп келген Динара Асанова 14 миң 961 добуштун жокко чыгарылышына каршыбыз, айыл жигиттери ат менен Кочкорго келүүгө даяр, дейт. Пикетчилер акимиатты бошотпой жаткан себептери, сиздердин мүдөөңүздөрдү жогорку жактарга билдирели деген облустун губернаторунун биринчи орунбасары Жыргалбек Азылов жана башка бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүсүн күтүп жатышат. Ош облустук мамлекеттик администрациясын да эл ээлеп алды деген маалыматты алар кол чаап колдоо менен кабыл алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG