Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

Ф.Куловго кол салууга ким кызыкдар?


БИШКЕК. 18-мартта «Арнамыс» партиясынын саясий кеңеши билдирүү таратып, анда партиянын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловго кол салуу даярдалып жатат деп кабарлады. Билдирүүдө Кыргызстан үчүн опурталдуу болуп турган ушул маалда Феликс Кулов сыяктуу ири саясатчыга кол салуу бийликке да, оппозицияга да пайдалуу эместиги баса белгиленип, аны мамлекеттеги туруктуулук менен бейпилдикти жактырбаган тарап гана самап тургандыгы айтылган. Партия өзү мындай маалыматты териштире албасын белгилеп, имишти териштирүүнү Юстиция министрлигинен өтүндү. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев Куловго кол салуу даярдалып жатат деп партия өкүлдөрүнө белгилүү бир нече адам кабарлагандыгын жана партиянын билдирүүсүнүн негизинде Кулов отурган №19 түрмөгө териштирүү үчүн Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жиберилгендигин билдирди. Ал эми жаза өтөө мекемелер башкармасынын басма сөз кызматынын башчысы Сергей Сидоров мындай имишке эч негиз жок деп аны четке какты жана Юстиция министрлигинин өкүлдөрү түрмөгө жиберилбегендигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG