Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Кочкорлуктар кол чогулта баштады


БИШКЕК. Кочкор райондук администрациясын 16-мартта ээлеп алган шайлоочулар 18-мартта Кочкор шайлоо округуна кирген ар бир айылдын координациялык кеңештерин түзүштү. Ал кеңештердин төрагаларын дайындашып, 27-февралда 15 миң шайлоочу чынында эле бардык талапкерлерге каршы добуш беришкендигин күбөлөндүргөн колун чогултууга милдеттендиришти. Координациялык кеңештер шайлоочулардын колун 19-марттын таңына чейин чогултуп, аны Жогорку сотко далил катары алып барганы жатышат. Жогорку сот 19-мартта Акылбек Жапаровдун Бишкектин Биринчи май райондук соттун 14-мартта кабыл алган чечимин жокко чыгарууну талап кылган арызын карайт. Борбордун Биринчи май райондук соту Турдакун Усубалиевдин арызын карап, бардык талапкерге каршы берилген 15 миңге чукул добушту жокко чыгарган болчу. Ага нааразы болгон шайлоочулар 16-мартта райондук администрацияны ээлеп алып, элдик акимди дайындашкан. Ал эми Нарын облусунун губернатору Шамшыбек Медетбеков Кочкор акимиатында отурган аялдардын саны 30, ал эми имараттын жанында жүргөн адамдардын саны 40ка чукул деп билдирип, алардын аракетин мыйзамсыз деп баалады. Андан тышкары Кочкорлук шайлоочулардын 17-марттагы талабы мамлекет башчыга жеткирилгендигин кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG