Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Бишкектеги митинг үзгүлтүксүз өткөнү жатат


БИШКЕК.18-мартта Бишкектеги Горкькийдин эстелигинин жанына Кыргызстандагы бир катар саясий партия, коомдук уюм жана кыймылдардын өкүлдөрү нааразылык митингге чыгышты. Митингдин башкы урааны «Бардык бийлик элдин колуна». Ага Кыргызстан элдик конгрессине жана «Жаңы багыт» кыймылына мүчө саясий партиялардын өкүлдөрү, депутаттар жана саясатчылар катышты. Алар көк, сары түстөгү тасмаларды тагынышып, «Бийлик элдин колуна!», «Куловго боштондук!», «Өкмөт иштен кетсин!» деген талаптар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. «Жаңы багыт» кыймылынын митингди ачып, алгач сөз сүйлөгөн лидери Муратбек Иманалиев Кыргызстандын азыркы бийлигин алмаштырууга мезгил жетти, болбосо мамлекеттин келечеги коркунучта деп билдирди. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев азыркы бийлик алгач карапайым калктын байлыгын, эми болсо өз өкүлдөрүн шайлоо укугун тартып алды деп билдирип, өкмөттүн иштен кетүүсүн талап кылды. Митинг түшкү 12 жарымга чейин созулду жана 19-мартта улантыла тургандыгы жарыяланды.

XS
SM
MD
LG