Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Ош облустук администрациясын ээлеп алышты


БИШКЕК. Ош шаарында 9-марттан бери президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылып, нааразылык акциясында тургандар 18-мартта Ош облустук администрациясынын имаратын ээлеп алышты. Администрациянын ичиндеги биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев, облус губернатору Кубанычбек Жолдошев имараттан шашылыш чыгып кетишти. Бул тууралуу Оштон жыйындын катышуучусу Бермет Жакыпова кабарлады. Анын айтымында, облус акимчилигинин имаратына миңден ашуун адам кирди. Аларга Нооманжан Аркабаевдин, Досбол Нур уулунун, Анвар Артыковдун тарапкерлери кошулуп, элдин саны жалпысынан 2 миңге жетип барды. Нааразылык акциясына чыккандардын штаб башчысы Дүйшөн Чотоновдун билдирүүсүнө караганда, бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушууга келбей койгондуктан ушундай кадам жасалды. Облустук имаратка кирүү учурунда бир терезе жана эшик сынды. Эшик дароо оңдолуп, имараттын коменданты менен андагы мүлктүн эсеби каттоого алынды. «Биз азыр имаратта тартипти колго алдык», деп белгиледи Бермет Жакыпова. Президенттин жана өкмөттүн маалымат кызматы Ош облустук администрациясын эл ээлеп алынгандыгы тууралуу маалыматты тастыкташты.

XS
SM
MD
LG