Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

Украинадан канаттуу ракеталар аткезчилик жол менен сатылган


Бул ишке бийликтердин тиешеси болгон эмес. Өлкөнүн башкы прокуратурасы ырастагандай, Иранга жана Китайга ракета сатуу жөнүндө мамлекеттик эч кандай контракт түзүлгөн эмес. Алардын баары аткезчилик жол менен соодаланган. Мындан бир нече күн мурда өлкөнүн башкы прокурору Святослав Пискун “Файнэншл таймс” гезитиндеги интервьюсунда Иранга 12, Кытайга алты ракета сатылганын маалымдаган эле. Жогорку Раданын – парламенттин – коррупция иштерин тескеген комиссиясы бул ишке жогорку даражалуу көп чиновниктер катышканын ырастоодо. Парламенттин депутаты Григорий Омельченконун айтымында, комиссия чет өлкөлөргө курал-жарак сатуу жөнүндөгү жең ичинен түзүлгөн келишимдердин баары мурдагы президент Леонид Кучманын макулдугу менен жасалганын аныктады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG