Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

ЭЛАРАЛЫК БАЙКООЧУЛАРДЫН ШАЙЛООГО БААСЫ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН АР БАШКА БОЛДУ?


Кыргызстандагы парламенттик шайлоого эларалык жана жергиликтүү 12 миңге чукул байкоочу көз салды. Жергиликтүү байкоочулардын көбү шайлоо мыйзам чегинде ачык өттү деген бүтүмгө келди. Бирок Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктар боюнча бюросунун байкоочулар миссиясы шайлоонун эларалык стандарттарга дал келбегендигин жарыя кылды. Ушундан улам кыргыз коомчулугунда байкоочулардын баасынын калыстыгына күмөн туулду.

Парламенттик шайлоого ЕККУнун адам укуктары жана демократия боюнча институттар бюросунун, шайлоого байкоо салуучу уюмдардын Европалык тармагынын, КМШнын, Шанхай кызматташтык уюмунун 500гө чукул байкоочусу көз салды.

Жергиликтүү байкоочулардын жалпы саны 11 миңден ашты. Булардын ичинен Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулары шайлоо жалпысынан мыйзам чегинде өттү деген менен Шайлоо кодексин жакшыртуу керек деген бүтүмүн 27-февралдан кийин дароо сунуш кылган. Ал эми КМШнын аткаруу комитетинин төрага Владимир Рушайло баштаган байкоочулары шайлоо кынтыксыз өттү деген тыянакка келген.

Эларалык байкоочулардын ичинен ЕККУ менен Европалык тармактын байкоочулары эки турдан кийин шайлоо мыйзам чегинде өткөн жок деген жыйынтыкка келишти. Ага Тышкы иштер министри Аскар Айтматов макул эместигин атайын жыйында жарыя кылса, БШК төрагасы Сулайман Иманбаев эларалык байкоочулар тизмектеген мыйзам бузуулар шайлоого терс таасир берген жок деп билдирди. Президент Аскар Акаев телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда шайлоо жакшы өттү деген эларалык байкоочуларга ыраазылык билдирип, сын эске алынаарын убада кылды.

Эларалык байкоочу уюмдардын ичинен шайлоо эларалык стандарттардын эң төмөнкү талаптарына да жооп берген жок деп жарыя кылган ЕККУнун адам укуктары жана демократия институттар бюросу менен тутумуна мурдагы СССР жана Чыгыш Европадагы 16 мамлекет кирген «Шайлоого байкоо салуучу уюмдардын Европалык тармагынын» бүтүмү эларалык коомчулук эсептеше турган жыйынтык болуп калды.
Алардын баамында мындай бүтүмгө шайлоо маалында административдик ресурстарды ашкере пайдалануу, шайлоочулар менен байкоочуларга кысым көрсөтүү, үгүт жүргүзүү тартибин бузуу, жергиликтүү бийликтин шайлоо процессине кийлигишүүсү, шайлоочуларды участкаларга автобус менен ташуу, добуштарды сатып алуулар негиз берет.

Европалык тармактын Армениядан келген байкоочусу Когар Каспаряндын айтымында, бардык жерде шайлоочуларды ташуу жана добушун сатып алуу көп болду:

- Шайлоочуларды автобус менен ташуу массалык түрдө болду. Добуштарды сатып алуунун баасы да ар кыл болду. Кээ бир участкаларда бир добуштун баасы 300 сом болсо, айрым участкаларда добуш бергенге чейин бир жолу, добуш бергенден кийин бир жолу арак куюп берүү менен эсептешишти. Мени добуш берүү аяктап калганга чейин эле адамдар топ-топ болуп жүргөнү тынчсыздандырды. Менимче, эч нерсе албай калган адамдар бирдеме күтүп турушту.

Ал эми Лондондогу эларалык демократия институту деген уюмдан келген байкоочулар кыргыз парламентине шайлоо башка өлкөлөргө үлгү болчудай деңгээлде өттү деген бүтүмгө келди. Ага арналган «Тегерек үстөл» талкуусун улуттук телекөрсөтүү уюштурулуп, ал кайра-кайра көрсөтүлдү. Анда миссиянын жетекчиси Иосиф Бодански шайлоону мактады:

- Шайлоо кесипкөйлүк менен мыйзамдуу уюштурулган. Жергиликтүү бийлик шайлоо ачык жана калыс болууга бардык шартты түзүптүр. Ошондуктан, биздин миссия шайлоо мыйзамдуу болуп, кыргыз элинин саясий тандоосун көрсөттү деп билдирет.

Булардан тышкары 10 миңден ашык байкоочусу көз салган жергиликтүү коомдук, бейөкмөт уюмдардын жыйынтыктары да бири-бирине карама-каршы болду. Буга эмне себеп? Саясат таануучу Карыбек Байбосунов Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшүн жакшы деп баалоого тилди билүү, көз караш менен деңгээлдин окшоштугу жана саясий максат нук салды:

-Батыштын стандартына көнгөн адамдардын көз карашы менен КМШдагы бир кылка окшош өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн атуулдарынын пикири эч качан бирдей болбойт. Ошондуктан, КМШнын, анын ичинде Владимир Рушайло баштаган байкоочулар жакшы баа берип атышат. Ошондой эле Лондондогу эларалык институттан келген адамдар орус тилин жакшы билип, биздин шартка жакын экен. Ошондуктан жакшы баалашты. Ал эми ЕККУнун негизги максаты - азыркы кыргыз бийлигин оодарыш. Ушундан улам шайлоо канчалык жакшы өтсө дагы алар мактамак эмес. Себеби, алар кокустан шайлоого жакшы баа берип койсок, бул бийлик ордунда калып калышы мүмкүн деген пикирде болуп жатышат.

Ал эми шайлоого көз карандысыз байкоочуларды жарым жыл мурда даярдаган бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун баамында, буга шайлоо жакшы өттү деп баа берүүчү уюмдарды чет жерден атайын чакыруу жана жергиликтүү өкмөтчүл уюмдарды байкоого мажбурлап катыштыруу негиз берди:

-Чет өлкөдөн жалданып келген, кыргыз өкмөтү жол киресин төлөп, чөнтөгүнө 10 миңдеген долларды салып берген байкоочулар «баары жакшы болду, Кыргызстандан өткөн демократиялык өлкө жок» деген отчетторун берип кетишти. Андан тышкары жергиликтүү байкоочулар көз карандысыз биздин байкоочуларыбыздын бүтүмүнө каршы жыйынтыкты алып чыгуу максаты менен уюштурулду.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын айтымында, ушундан улам чет өлкөлүк айрым уюмдардын бүтүмү коомчулукка таасир бере алган жок:

-Ошон үчүн биз алардын бүтүмдөрүн көзгө илген жерибиз жок.
XS
SM
MD
LG