Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:37

ТОКТОГУЛДА ПИКЕТЧИ 11 АЯЛ ӨЗҮН ӨЗҮ ӨРТТӨЙБҮЗ ДЕП БИЛДИРИШТИ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Токтогулда кырдаал курч бойдон. Ош-Бишкек жолун бууп турган 500дөн ашык адам башкалаадан барган милиция отрядын Токтогулга өткөрбөй кармап турушат. Аким менен прокурор райондук администрацияны ээлеп алган 700дөй кишинин колунда барымтада. Бүгүн районго жиберилген 200дөн ашык милиция артка кайтпаса, 11 аял өзүн өзү өрттөөрүн билдирип жатышат. Милиция ишемби күнү эртең менен элди жарып өткөнгө далалат кылды.

Ош- Бишкек жолун токтогулдуктар 14-марттан бери бөгөп турушат. Алар бул округдагы парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүнө нааразылык билдиришүүдө. Токтогулга киргизилбей жолдо турушкан 200дөй милиция ишемби күнү эртең менен элди жарып өткөнгө далалат кылышкан. Нааразылык чаранын катышуучуларынын айтымында, бул учурда эки адам жабыркады. Карасуу кыштагынын тургуну Токтосун Көкөнов милиция кызматкерлеринин бири аны колун сындыра чапканын айтты:
- Эртең менен 7лерде милициялар бизге күч колдонууга аракет кылышты. Бизди күчтөп түртүп, сүрүп өтүп кеткенге аракет кылышты. Колдорунда дубинка жана калканчтары бар. Астыга жаштарды өткөрбөй, аксакалдар туруп алганбыз. Түртүшүп атканда мен бир милициянын калканчын колум менен түртүп тургам. Анан ал мени колго дубинкасы менен чаап таштады. Көзүмөн от чагылышып, көзүм караңгылап жыгылып кеттим.
Актектир айылынын тургуну Жуманалы Асаналиев колунун манжасы сынганын айтты:
- 200дөн ашык милиция бизге күч колдонгонго далалат кылышты. Спецназдын отряды экен булар. Анан түртүшүп атканда бирөөсү дубинкасы менен колго чапканда чыпалагым сынды.
Токтогул районуна Бишкектен ИИМдин милиция мектебинин курсанттары жиберилгенин ИИМдин маалымат кызматы ырастады. Маалымат кызматын жетектеген Нурдин Жангараев ишемби күнү кагылышуу болуп кете жаздаганы тууралуу маалымат жок деп билдирди:
- Андай маалымат түшкөн жок. Ош-Бишкек жолун ачтырыш үчүн милиция мектебинин курсанттары жиберилген. Бирок алар Токтогулга жеткен жок. Бери жакта эле пикетчилер тосуп алышыптыр. Булар курсанттар болгону, эч кандай ОМОНго тиешеси жок.
Бирок Токтогулдагы пикетчилер билдиргенге караганда, курсанттардын арасында атайын даярдыктагы милиция отрядынын өкүлдөрү да бар.
Токтогул районундук бийликтин имаратын пикетчилер 16- мартта ээлешкен. Алар менен сүйлөшүү жүргүзгөнү барган райондун акими менен прокурору дале барымтада. Барымтага алынган Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Алиев жүрөгү ооруп калганына байланыштуу бошотулган.
Пикетчилер шайлоодо президенттик администрация башчысынын күйөө баласы Тайырбек Сарпашев эмес, ишкер Токтосун Мадияров уткан деп ырасташууда. Алар Тойчубек Касымов добуштарды бурмалап, мыйзамсыз жол менен күйөө баласын өткөрдү дешет:
- Токтогулдагы бүгүнкү курч кырдаалга Тойчубек Касымов түздөн түз күнөөлүү. Элди алдап, шайлоонун жыйынтыгын бурмалап коюп отурат.
Бул округда жеңген талапкер Тайырбек Сарпашев менен байланышып, Токтогулдагы кырдаал боюнча пикирин билүү аракетибиз майнапсыз болду. Ал эми экс-талапкер Токтосун Мадияров Токтогулдагы кырдаалды жөнгө салыш үчүн бийлик эл алдына барышы керек деп санайт:
- Шайлоодо мыйзам бузууларга барган акимди жана анын орун басарларын, күч орган жетекчилерин жазалап туруп, анан бийлик өкүлдөрү эл алдына келип сүйлөшүшү керек. Элдин артка кайтчу түрү жок. Биринчи турда эле мыйзам бузуу болгондо элди мен араң токтотуп калгам. Эл эмне деп чечсе, мен элдин артында жүрөм. Эл бул округда шайлоону жокко чыгарса да макулмун. Акыркы чечимди эл кабыл алат.
Анын айтымында, шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча жазган арызын райондук сот караган жок:
- Шайлоо боюнча доо арызымды райондук сотко таштагам. Сот болсо Бишкекке качып кетип, арызды кароону атайын создуктуруп атат. Биринчи турда эле менин добуштарымды Сарпашевге ыйгарып коюшкан. Мен анда да кайрылганымда сот карабай, улам создуктура берип, экинчи айлампага добуш берчү күн келип калган.
Облустук бийлик жолду ачууга жана акимчиликтин имаратын бошотууга жактоочуларын көндүрүшүн талап кылып Токтосун Мадияровго кат жазган. Ал катты көтөргөн пикетчилер бийликке өз талаптарын айтышууда. Зейнеп Абдиева бийлик милиция отрядын кайра артка кайтарбаса, аялдар өзүн өрттөөгө чейин бараарын билдирди:
- Мен ушул жерде турган 11 аялдын атынан билдирүү жасайм. Бийлик бир саатта жолду ачкыла деп талап коюп кат жөнөтүптүр. Эми биз бийликке кайрылабыз. Эгер эки сааттын ичинде бийлик мынабул аскерлерин алып кетпесе, 11 аял өзүбүздү өрттөйбүз. Бийлик элди эмнеге ушунчалык тепселейт. Жолду ача албайбыз, артка кайтпайбыз. Мына, ушул турган 11 аял өзүбүздү өрттөгөнгө даярбыз.
Ошентип Токтогулда кырдаал курч бойдон калууда. Шайлоодо жеңген Тайырбек Сарпашевдин талапкерлери да көчөгө чыкканы кырдаалды ого бетер курчутчудай. Сарпашевдин жактоочулары 19-мартта Мадияровдун тарапкерлеринен имаратты бошотуп, жолду ачууну талап кылышты. ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Нурдин Жангараев билдиргенге караганда, ишембиде эки талапкердин жактоочулары ортосунда кагылышуу боло жаздап, аларды ошол жерде турган милиция кызматкерлери араң ажыратышкан.
XS
SM
MD
LG