Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

20-марттагы аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 19-20-март күндөрү жаан-чачындын тынымсыз жааганына байланыштуу өлкөнүн тоолуу өрөөндөрүндө сел жүрүп, дарыяларда суу ташкындашы күтүлөт.

20-мартта Ысыккөл жана Нарын облустарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙдө түнкүсүн +5... –2, күндүз +10...+15 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –3...+2, күндүз +9...+14.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +11...+16 градус.
ЫСЫККӨЛ ойдунунда түнкүсүн –4...+1, күндүз +8...+13.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн 0...-5, күндүз +5...+10.
БИШКЕК шаарында жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...–2 градус суук, күндүз +12...+14 градус жылуу.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG