Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Баткенде да Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг өттү


БАТКЕН. Бул күнү эртең менен ушундай эле талап менен 18-марттан бери облустук администрациянын алдында турган жыйырма чакты аялга кошулганы келген эки жүздөй адам бийлик тарабынан уюштурулган кишилердин жана милиция кызматкерлердин тосмосуна кабылып, имараттын жанына бара алышкан жок. Алардын айрым өкүлдөрү менен облус губернатору Баратали Кошматов тосмонун ичинде жолугушту. Нааразы тараптын өкүлдөрү ага, президент Аскар Акаев бийликтен кетсин жана бул талапка ырасмий түрдө жооп болмоюнча облустук акимчиликтен кырк киши бата турган бөлмө берилсин деген талаптарын айтышты. Губернатор имараттан жай бөлүп бере албасын, президент кетсин деген талапты жогорку бийликтегилерге жеткирээрин айтып, элди тынчтандырууга чакырды. Нааразылык иш чарасына Баткендин ар кайсы айылдарынан келген адамдар улам кошулууда. Алар президент кызматтан кетсин деген талабы аткарылмайын тарабай турганын билдиришүүдө. Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, ага беш жүздөй адам катышууда. Бийлик өкүлдөрүнүн пикиринде, нааразы тараптын катышуучуларынын саны болжол менен эки жүздөй. Ал эми байкоочулардын баамында бул иш чарага жалпысынан миңден ашуун адам катышууда. Алардын теңи бийликтин өкүлдөрү.

XS
SM
MD
LG