Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Түп райондук соту шайланган Садырбек Жапаровдун атаандаштарынын арызын карап жатат


КАРАКОЛ. Сот жараяны дээрлик беш күндөн бери созулууда. Садырбек Жапаровдун атаандаштары аны шайлоочулардын добуштарын сатып алды, шайлоо бир топ мыйзам бузуулар менен өттү деген кине коюшууда. Айрым ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга караганда, эгерде соттун чечими менен Садырбек Жапаровдун депутаттык мандаты жокко чыгарылса, анда анын жактоочулары жергиликтүү бийликке, сот органдарына каршы нааразычылык акциясын уюштурууга даяр турушат. Ал эми жергиликтүү укук, тартип коргоо органдары коопсуздук чараларын күчөтүшүп, аталган райондо коомдук тартипти жөнгө салышууда.

XS
SM
MD
LG