Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Жалалалабатта митинг улантылды


ЖАЛАЛАБАТ. 4-марттан бери облустук бийликтин имаратын ээлегендер менен тышта турган миңден ашык киши президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн жана президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү талап кылышты. Алар парламенттик шайлоонун мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешип, бир үй-бүлөгө баш ийүү үчүн эмес, жаңы бийликтин келүүсүн күтүп жаткандыктарын билдиришти. Аскар Акаевди кызматтан кетирүү үчүн айыл калкы эле эмес, мындай талапты ишке ашыруу үчүн өлкөдөгү башка улуттардын өкүлдөрүн да митингге чыгууга чакырышты. Митингчилер элге туура маалымат жетпей жаткандыгын жана «Азаттык» үналгысынын уктурууларына болгон тоскоолдуктарды айыпташты.

XS
SM
MD
LG