Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеевдин кызын уурдап кетүүгө аракеттер жасалды


БИШКЕК. 16-мартта түшкө маал Бишкектин 8-кичи районунда белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеевдин 17 жашар кызын орто курактагы бейтааныш үч адам уурдап кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Жыпар Жекшеев 19-мартта “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Арабаев атындагы университеттин Гуманитардык билим институтунун алдындагы техникумда окуган кызы сабактан кийин үйүнө баратканда бейтааныш үч адам аны алып кетүүгө аракеттенишкен. Жекшеевдин кызын аялдамада турган кыргыз тилден окуткан мугалими бейтааныш адамдарга тоскоолдук кылып, качырып жиберген. “Мындай коркутуу бийлик тарабынан уюштурулган ыплас иш чара. Бул менин саясий ишмердүүлүгүмө байланыштуу”,-деди Жыпар Жекшеев.

XS
SM
MD
LG