Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү


БИШКЕК. 19-мартта Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өткөрүлдү. Анда Жалалабат, Ош облусунун администрациясын жана айрым райондордун администрация имараттарын ээлеп алган атуулдардын нааразылык иш чарасы талкууланды. Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин кезексиз сессияда билдиргенине караганда, кийинки эки ай аралыгында Бишкек шаарында 80ден ашуун уруксатсыз митинг, пикеттер өткөрүлгөн. Дүйшөбаев шаардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шаардык депутаттардын колдоосун өтүндү. Шаар депутаттары шаар тургундарына, жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдошту. Кайрылууда караламан калкты сабырдуулукка, тынчтыкка, ынтымакка үндөп, баш мыйзамды сактоого чакырган. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Зоотбек Кыдыралиев “Азаттыкка” билдирди.

XS
SM
MD
LG