Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Бишкекте жалпы элдик курултай өткөрүлөт


БИШКЕК. 23-мартта Бишкекте жалпы элдик курултай өткөрүлүшү күтүлүүдө. Анда президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү маселелери каралат. Бул тууралуу Бишкекте Элдик кеңешти түзүүнү уюштуруу комитетинен билдиришти. Ошондой эле 25-мартта Бишкектин Алатоо аянтында саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрүнүн, шаар тургундарынын катышуусунда митинг уюштуруу каралууда. 18-мартта Бишкекте Элдик кеңешти түзүүнү уюштуруу комитети түптөлүп, анын курамына 11 адам кирген.

XS
SM
MD
LG