Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

Социал-демократтар митинг уюштурушту


БИШКЕК. 19-мартта Бишкек шаарынын Көкжар аймагында Социал-демократтар саясий партиясынын 2 миңге жакын тарапкеринин катышуусунда митинг өттү. Анда партия лидерлери Алмаз Атамбаев, Мелис Эшимканов, Акылбек Жапаров, парламентке талапкердикке партиядан көрсөтүлгөн экс-депутат Тургунбек Кулмурзаев, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кабай Карабеков катышып, сөз сүйлөштү. Сүйлөгөндөрдүн бардыгы парламенттик шайлоонун жүрүшүн сынга алып, Жалалабатта, Кочкордо кош бийликтин орношун азыркы бийликтин өлкөнү башкара албай калгандыгынын белгиси катары баалашты. Чогулгандар Борбордук шайлоо комиссиясынын жалпы парламенттик шайлоодогу, анын ичинде №6 Асанбай, №61 Ысыката шайлоо округдарындагы мыйзам бузууларды териштирүү үчүн жумушчу топ түзүүнү, №34 Кочкор шайлоо округу боюнча Жогорку соттун чечимин аткарбоону талап кылышты. Ал эми Башкы прокурорго парламенттик шайлоодогу бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча кылмыш козгоо талабын коюшту. Бул үч талап митингдин соңунда кабыл алынган резолюцияда белгиленди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG