Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Токтогулда кагылышуу болду


БИШКЕК.19-мартта Жалалабат облусундагы №21 Токтогул шайлоо округу боюнча талапкер болушканТоктосун Мадияров менен Тайырбек Сарпашевдин жактоочуларынын ортосунда кагылышуу болду. Бул тууралуу Ички иштер министирлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 17-марттан бери Токтогул райондук администрациясынын кеңсесин ээлеп отурушкан Токтосун Мадияровдун шайлоочуларын Тайырбек Сарпашевдин шайлоочулары тез аранын ичинде райондук администрация имаратын бошотууну жана автожолду тосууну токтотууну талап кылышкан. Эки ортодо жаңжал чыгып, милиция кызматкерлери аларды араң ажыратышкан.
Ушул эле күнү эртең менен саат 7ден өткөндө 200дөй милиция Ош-Бишкек жолун тоскон Токтогул районунун тургундарын таяк менен ургулап таратууга аракет кылган. Бул тууралуу Карасуу айылынын тургуну, кагылышуудан оң колу сынган Көкөнов Токтакун билдирди. Ал эми Арал участкасынын тургуну Зейнеп Абдиева эгерде ички иштер министрлиги кызматкерлерин чыгарып кетпесе өздөрүн өрттөй тургандыгын билдирди:

- Он аялдын атынан жана өзүмдүн атымдан билдирүү жасайбыз. Эгерде бир сааттын ичинде аскерлерин алып кетпесе, эки сааттын ичинде биздин талаптарыбызды аткарышпаса биз өзүбүздү өзүбүз өрттөйбүз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG