Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 19:29

АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен аскерий машыгуу баштады


Түштүк Кореяда бүгүн АКШ менен биргелешкен аскерий машыгуу башталды, ага 17 миң америкалык аскер катышат. Алардын алты миңи - Түштүк Кореяда туруктуу жайгаштырылган америкалык аскерлер. Машыгуу бир аптага уланат, ага аскерий учактар конуучу "Китти хоук" деп аталган америкалык кеме да тартылат. Пхеньян бул машыгууну - Түндүк Кореяга кол салуу пландарынын бир бөлүгү деп сынга алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG