Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Орус президенти Киевге келди


Орус президенти Владимир Путин бүгүн кызмат сапары менен Киевге келди жана өлкөнүн президенти Владимир Ющенко менен жолукту. Ющенко аны жылуу тосуп алды:

- Сиздин келгениңизге биз кубанычтабыз, Украинага кош келиңиз. Биздин мамлекеттер ортосундагы мамилелелер бардык багытта стратегиялык мааниге ээ, сүйлөшө турган көп нерсе бар,- деди Ющенко.

Путин өлкөнүн премьер-министри Юлия Тимошенко жана парламент спикери Володимир Литвин менен дагы жолугат. Талкуулана турган негизги маселе - Орусия, Украина, Беларус жана Казакстан ортосунда бирдиктүү экономикалык аймак түзүү. Украинада октябрда башталып, декабрда бүткөн президенттик шайлоодо орус президенти Путин Ющенконун атаандашы Виктор Януковичти колдогон.

XS
SM
MD
LG